«Ойноп жаткан балдарга курал алууга уруксат берген». Баткенде октон жаракат алган өспүрүм боюнча ички иликтөө жүргөн

УКМКнын Чек ара кызматы кызматтык ички иликтөөнүн жыйынтыгында 7-августта Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Өрүк айылына жакын жерде болгон окуянын чоо-жайы белгилүү болгондугун маалымдады.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, катардагы жоокер чек ара кезметинин курамында болуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставынын талаптарын бузуу менен, жакын жерде ойноп жаткан балдарга билбестен курал алууга уруксат берген. Алардын бири кокусунан куралдын курогун (куралдын тетиги) тартып, ок чыгарган. Ок 2014-жылы туулган өспүрүмгө тийген»,- деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.