«Ок чыгаруу болгон». УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы тууралуу үн катты

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуя тууралуу үн катты.

Маалыматка караганда, «Головной» участогунун аймагында тажик тарап электр чубалгысынын тирөөчтөрүнө видеокөзөмөл камераларын орнотууну башташкан. Экинчи видеокамераны орнотуу учурунда окуя болгон жерге келген УКМКнын чек ара отряды жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери видеокамераларды орнотууну токтотууну талап кылышкан. Саат 12:25 чамасында Ходжаи Аъло айылында мергенчилик мылтыктан ок чыгарылган.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, бийликтин жана коопсуздук органдарынын жооптуу кызматкерлери катышты. Кыргыз тарап орнотулган видеокамераларды демонтаждоону талап кылды. Процесстин жүрүшүндө бир пикирге келүү мүмкүн болгон жок.

Кийинчерээк «Головной» суу алгыч аймагына келген Кыргызстандын чек ара аймагынын тургундары видеокамера орнотулган мамыны кыйып башташкан. Жаңжал болгон жерде эки тараптан болжол менен 100-150 адам чогулган. Жарандардын тирешүүсү таш ыргытууга айланган.

Чек арачылар өз ара аракеттенип жаткан органдар менен биргеликте жаңжалдын курчуп кетишине жол беришкен жок. Таш ыргытуу учурунда Кыргызстандын жараны бетинен жаракат алган. Сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары окуяны локалдаштыруу максатында элди чыр чыккан жерден алып кетишүүдө, чек ара аймактарынын калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал чыңалуунун элементтери менен туруктуу деп мүнөздөлүүдө», — деп айтылат маалыматта.