Ок атуудан оодарылып калган «Тез жардамдын» айдоочусу менен дарыгери окуянын чоо-жайын айтып беришти (видео)

30-апрелде социалдык тармактарга Баткен облусундагы Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде оодарылып жаткан «Тез жардам» унаасынын сүрөтү тараган эле. Маалыматка караганда, тажик тараптан ок атылып, унаа дал ушундай абалга кептелген.


«Тез жардам» унаасынын ичинде 2 медкызматкер болгон. Экөө тең аман. Окуянын чоо-жайын унаанын ичинен аман калган медицина кызматкерлери айтып беришти. Алардын айтымында, унаадан араң чыгышкан.

«Ошол күнү бизге буйрук берилип, Көк-Ташка келип турганбыз, андан кийин Ак-Сайга барыш керек болду. Жолдон аткылап башташты, жолдун баары чаңып кетти, корголоп калалы деп жатканда унаа оодарылып кетти. Биз качып барып бир жерде жашынып турдук, көп өтпөй өзүбүз тараптан унаа келди, унаадан керектүү буюмдарыбызды, дары-дармектерди алып, кайра жарадар болгондорго баруу үчүн жолду уладык. Ал күнү биз 7-8 оор жаракат алган адамдарга жеринде жардам көрсөттүк», — деди Аширали Нуркамал уулу.

Ал эми Баткен райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун «Тез жардам» кызматынын айдоочусу Маматисак Эргешов ок атылып жатканда унааны жатып алып айдаганга туура келгенин айтты.

«28-апрелде биз Көк-Ташта калып калдык, 29-апрелде Ак-Сайда да атышуу башталып, бул жакка келе жаткан элек. Жолдо бизди аскерлер токтотуп артка кайткыла дешти, биз кайтарыбыз менен эле унааны көздөй аткылай баштады. Ошол учурда унаа оодарылып кетти, унаа оодарылган абалда биз эшикти тээп ачып чыгып, качып далдоо жерге корголодук. Кийин аскерлердин унаасы келди, биз алардын унаасына отуруп алып кайра жумушту уланттык», — дейт.