«Ок ичинен кирип, белинен чыгып кеткен». Баткенде 8 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүндө жатат

Баткенде 8 жаштагы бала октон жаракат алды. Ал Баткен облусттук аймактык ооруканасына 7-августта түшкөн. Бул боюнча медициналык уюмдун травматолог дарыгери Икрамидин Зулпукаров билдирди. Анын айтымында, болжолдуу түрдө Калашников үлгүсүндөгү автоматтын огу жабырлануучунун ичинин өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен.

“Өспүрүм бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс учун жоготкон жок. Травматолог жана хирургдардан түзүлгөн консилиумдун чечимине ылайык, өспүрүмгө алгачкы операция жасалган. Алдыда хирургдар диагностикалык операция жасоого камынышууда”, — деди Зулпукаров.