ӨКМ «112» кызматына көңүл ачуу же ойноо үчүн чалган болбой турганын айтты

“112” бирдиктүү кызматына чалып, ойноого жана көңүл ачууга болбойт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Кокусунан сиз ойноп чалып жатканда жакыныңыз кырсыкка учурап калса, “112” кызматы бошобой калышы мүмкүн. Ага тез арада жардам көрсөтө албай жана өмүрүн сактай албай каласыз. “112” кызматына жалган маалымат бербеңиз»,- дешти.