Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Токтогул районунда жайгашкан «Арал» постуна кечээ, 18-октябрда саат 18:40тан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
ӨКМ бүгүн, 19-октябрда «Арал» постундагы чектөө саат 09:00дө алынганын билдирди.