ӨКМ башчысы Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иштери боюнча үн катты

17-октябрдан бери Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери тынымсыз улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМ министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Кеч киргенине жана 2-3 күндөн бери созулуп жаткан жаан-чачынга карабастан, министрликтин кызматкерлери издөө иштерин токтотпостон улантууда. Издөө иштери алгачкы этапта кичи сайда жүргүзүлүп, бирок жыйынтык бербегендиктен, кызматкерлердин санын көбөйтүп, эми төмөнкү чоң сайдан издөөнү улантууну чечтик. Тилекке каршы, суу астында иштей турган дрондорду шаркыратмаларда колдонуу мүмкүн эмес. Биздин куткаруучу иттер тирүү адамдарды гана табууга үйрөтүлгөн.

Ошондуктан, таштардын арасын чытырман токойлорду жана башка татаал жерлерди текшерүү үчүн куткаруучулардын санын көбөйттүк. Учурда издөө иштерине 53 адам тартылган. Издөө иштерин тездетүү үчүн атайын техникалар колдонулууда. Жыйынтык бүгүн чыкпаса, эртең адамдын санын дагы көбөйтөбүз. Жоголгон жарандарды табуу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз»,— деди ал.