ӨКМ башчысы Кыргызстан Казакстанга кошумча күч жөнөтүүгө даяр экенин билдирди

«Мен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министри менен тыгыз байланыштамын». Бул тууралуу ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев билдирди.

«Биздин куткаруучулар кырсыкка байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкта турушат. Зарылчылык жаралса кошумча күчтөрдү жана ресурстарды жөнөтүүгө даярбыз.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар менен биргеликте кырсыктын бардык жагдайларын тактап, жарандарыбызга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда»,- деп жазды ал.