ӨКМ: «Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүргүзүлбөгөндүктөн Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылган»

Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүргүзүлбөгөндүктөн улам Кыргызстан 800 гектар жеринен ажыраган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чу дарыясынын жээгиндеги дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, дарыянын нугу жыл санап Кыргызстандын аймагына кирип жатат. Ал бул жаатта иштер активдүү башталганын, бул маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев министрликте аткарылып жаткан иштерге, жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолуп, өз кызматын мекемедеги түзүмдөрдүн жана кадрдык курамдын сапатын көтөрүүдөн баштаганын билдирди. “Кызматка келгениме 8 айга аяк басты. Алгач кызматка келгенде мени тынчсыздандырган маселе министрликтин абалы жана кадрдык курамдын сапатынын төмөндүгү болду. Министрликтин түзүмдөрү күчүн толук пайдаланып, өз ара аракеттенбей, бюджетти карап отуруп калышыптыр. Кадрлардын көпчүлүгүнүн да психологиялык, физикалык абалы өтө төмөн экени байкалды. Менин биринчи кадамым ушул кемчиликтерди жоюудан башталды”, – деди ал.