ӨКМ балдарды терезеден кулап кетүүсүнөн сактоо керектигин эскертти.
Урматтуу ата-энелер, балаңыздын терезеден кулап кетүүсүнөн сак болуп, алдын алуудагы жөнөкөй эрежелерди сактаңыз!
🔺 терезеге талапка ылайык келген темир торду орнотуу. Терезе менен тордун ортосунда 10 сантиметр аралык сакталып, баланын башы батпай тургандай болушу шарт жана өрт кырсыгы катталган учурда оңой ачылуусун камсыздаңыз;
🔺 балдар үй ичинен терезени оңой ачып албашы үчүн атайылап бекемдөө;
🔺 балдар үйдө болгон учурда эч качан терезени ачык калтырбоо;
🔺 эмеректерди терезеден алыс жайгаштыруу;
🔺 балдарга чоңдорсуз балконго чыкпоону түшүндүрүү;
🔺 терезенин үй ичинен ачыларын жана темир торду ачса болорун көрсөтпөө жана үйрөтпөө;
🔺 балдарга ар дайым коопсуздук чараларын үйрөтүү жана түшүндүрүү;
🔺 эч качан баланы уктап жаткан маалда жалгыз калтырбоо, анткени ойгонгондо терезеден чыгууга аракет кылышы мүмкүн;
🔺 баланы эч качан терезе текчеге (подоконник) отургузбаңыз, ар дайым колунан кармаңыз.