ӨКМ эскертет: Жайкы дөңгөлөктүү унаалар посттордон өткөрүлбөйт

Өлкө аймагында 5-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Андыктан ӨКМ айдоочуларга жана жол жүрүүчүлөргө эскертет:
— унааңыздын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз. Жайкы дөңгөлөктүү унаалар “Сосновка”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт;
— ашуу жолдорунда бороон-чапкын башталса, посттордо 4 саат мурун унааларга чектөө киргизилет;
— алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
— унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз.
Зарылчылыгы жок болсо, алыска жол жүрүүнү башка күндөргө жылдырыңыз. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.