8-12-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, таш кулоо жүрүшү мүмкүн.
Айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.
— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымында сел жана таш кулоо процесстери активдешет.