ӨКМ гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча маалымат таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды муктаж болгондорго бербей жатат деген маалымат жалган. Мындай билдирүүнү аталган министрлик таратты.

Министрликтен «Биздин милдет — бөлүштүрүү эмес, жүктөрдү керектүү дарекке жеткирип, ишеничтүү дайындалган өкүлдөргө өткөрүп берүү» дешти. Ошондой эле гуманитардык жардам учак менен эмес жүк ташуучу унаалар менен, айланып өтүүчү кооптуу жолдор менен бара жатканын белгилейт.

«Учурда жүк Лейлек районуна келип, Кулундуга жетти. Андан ары, жол өтө кооптуу жана татаал болот. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев биринчи вице-премьер Артем Новиковдун жетекчилиги астында жабыркагандарга жана жардамга муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардамды коштоп баратат», — деп айтылат билдирүүдө.