ӨКМ башчысы: «Түркияда акыркы тирүү алып чыккан адамдар жашоо менен өлүмдүн ортосунда болуп калышыптыр»

«Түркияда кырдаал аябай оор». Бул тууралуу Түркияга барып келген ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Көптөгөн үйлөр урап калган. Мисалы, 9 үйдөн турган бир турак жай болсо, ошонун экөөсү толугу менен урап калган экен. 4 үйдө жарака кеткен болуп жатат. Калганы эч нерсе болбоптур. Бизде бетондун начарлыгынан, андагы цементтин аздыгынан ушундай болду деген ойлор пайда болду. Расмий маалымат боюнча, 130 имарат кулаган. Кечээкиге карата 37 миң адам каза болду. Божомол менен 120-130 миң адам каза болушу мүмкүн деп жатышат. Түркиянын ички иштер министри расмий түрдө мурда күнү куткаруу жумуштарын токтоткула деп айтты. Себеби, акыркы чыгарган тирүү адамдардын ички органдары иштебей, кыймылсыз жаткандыктан ириңдеп, жашоо менен өлүмдүн ортосунда болуп калышыптыр», — деди ал.