ӨКМ: «Нарын облусунда жер көчүү коркунучу бар» (сүрөт)

18-июль күнү саат 21:00 чамасында Миң-Куш айылынын түндүк-чыгыш тарабында эски “промзона” тилкесинде жер көчкү активдешкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

19-июль күнү жерине ӨКМдин Жумгал райондук башчысы, калдык сактоочу жайлар менен иштөө агентигинин адиси жана Миң-Куш айыл аймактык кызматкерлери тартылып, жер көчкүнүн активдешүүсүнүн себептери, көлөмү, кооптуулугу боюнча акт түзүлгөн.

«Мындан тышкары, жер көчкү активдешкен аймакта “WISUTEK” компаниясынын “Тоо обьектилерин рекультивациялоо” долбоорунун негизинде иш жүргүзүп жаткан. Ошондой эле кырсыктардын алдын алуу максатында, бул аймака атайын белги орнотуп, лента менен тосуу, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жер көчкүнү дайыма көзөмөлдөө жагы жергиликтүү бийлике милдеттендирилген»,- деп айтылат маалыматта.