ӨКМ: Ноокатта сел суусу кирген турак үйлөр тазаланып бүттү

Ош облусунун Ноокат районунунда куткаруучулар тарабынан сел суусу кирген жалпы 28 турак үй сел калдыктарынан толугу менен тазаланып бүткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Учурда райондун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында ӨКМдин 9 техникасы, Исанов айыл аймагынын Теске-Кожоке айылында 3 техника, Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Өтөк айылында 2 техника тартылып, сел калдыктарынан тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары N37 ишканасынын 4 техникасы менен жолдорду калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө. Жеринде кырдаалды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары Акылбек Мазврипов жана Эделбек Кулматов координациялоодо.