ӨКМ Өтмөк ашуусун көзөмөлдөп жатат

Өтмөк ашуусунда жол тыгындарын алдын алуу максатында көзөмөл жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунда кар жаап жатат. Мындан улам, жол тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында байкоо жүрүп жатат. Бул үчүн ӨКМдин ыкчам тобу Өтмөк ашуусуна тартылды.