«Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек шаарынын аймагында эмес, Бишкек Жылуулук электр борборунун ичинде гана өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.
ЖЭБдин аймагында чыккан өрттү өчүрүүдө 2 күжүрмөн эсеп иштеп, өрт таңкы саат 4:55те чектөөгө алынып, саат 5:05те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, 8 мотопомпа менен сууну сордуруу иши жүрүүдө. Мындан сырткары, министрлик тарабынан убактылуу жылууланган 4 чатыр тигилди.