ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды жарыялады

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 30-31-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

ӨКМ 30-31-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам төмөнкү аймактарда сел жүрөрүн эскертти:

– Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;

– Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда;

– Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда;

– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

– Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда;

– Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда;

– Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Таш кулашы мүмкүн деген жолдор:

— Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

— Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

— Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

— Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

— Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

— Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

— Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

— Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында.