ӨКМ сууга түшүүнүн эрежелери менен бөлүшүп, сүзө албагандарга кеңеш берди

2023-жылдын 10-июлуна чейин сууга чөккөн адамдардын саны 60ка жетти. Алардын 41и жай мезгилинде сууга чөгүп, өмүрүнөн айрылгандар. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 33 пайызга өскөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилекке каршы суудан ажал тапкандардын 56 пайызы эркектер, 31 пайызы 12 жашка чейинки балдарды түзөт. Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү, мас абалында жээгинде эс алуу жана башка.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын кыш жана жай мезгилинде калкка суу коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал тургай айрым суу аянттарына түшүүгө болбостугун түшүндүрүп келишет. Эң өкүнүчтүүсү – жарандардын кайдыгерлигинде!

СУУГА ТҮШҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ:

Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.
АЛЫС СҮЗБӨ;
Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал.

СУУДА СҮЗГӨНДҮ БИЛБЕГЕНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ:

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөсө, адам өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүнчүлүк түзүлөт;
Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

КАЙЫКТА БОЛСОҢУЗ:

кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;
мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;
сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;
караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоңуз.

ЭГЕР СИЗ:

чарчап турсаңыз;
ачка болсоңуз;
суусап турсаңыз;
ооруп айыксаңыз;
спирт ичимдиктерин ичсеңиз сууга түшпөй койгонуңуз дурус.

Ар бир кыймылыңыздан сиздин жана сиздин жакыныңыздын өмүрү көз каранды.