ӨКМ маалымат таратып, 23-25-август күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти.
ӨКМ кооптуу аймактардын тизмесин берди:
Баткендин Лейлек, Баткен, Кадамжай райондору;
Чүйдүн Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Панфилов, Аламүдүн, Москва жана Сокулук райондору;
Нарындын Ак-Талаа жана Нарын району;
Жалал-Абаддын Ала-Бука, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо райондору;
Оштун Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондору;
Таластын Бакай-Ата, Манас, Айтматов жана Талас райондору.









