«Садыр Жапародун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго боз үйлөр гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн. Ал эми 13-февралда өздүк курам менен биргеликте Түркияга учуп кеткен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарынан бөлүнгөн тилкеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз элинен келген жардамды жергиликтүү уюштуруучуларга өткөрүп берет. Кыргыздын боз үйү деп жарнамалап жаткан үчүнчү тарапка жооп иретинде — кезинде кыргыздын баалуулугун, маданиятын чагылдырган боз үйү Дүйнөлүк мурастардын катарына катталган», — дешти.
Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...











