ӨКМ соцтармактагы баракчасына «Ыштын пайда болуусуна себеп болгон эң негизги факторлордун бири — унаалар» деп жазды.
ӨКМ унаалар аркылуу ыштын пайда болуу себептерин төмөнкүчө тизмектеди:
— чет өлкөлөрдөн сапатсыз унаалардын кирүүсү;
— түтүндү чыпкалоочу катализатордун жоктугу;
— төмөнкү саппаттагы күйүүчү майды колдонуу;
— техникалык жактан эскилиги жеткен унааларды пайдалануу жана башкалар. Мотордун ичинде иштелип бүтүп, сыртка чыккан уулуу газдын зыяны адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат.
Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкекте быйылкы жылы 500 миңден ашык унаа катталган.