ӨКМден тактоо: Чаткалда кар көчкү алдында калган төрт эмес, үч адамдын сөөгү табылды

ӨКМ тараткан маалыматына тактоо киргизди. Чаткалда кар көчкү алдында калган төрт эмес, үч адамдын сөөгү табылганын тактады. Ага чейин төрт адам деп кабарланган.

Калган үч адамды издөө иштери убактылуу токтотулуп, эртең, 19-октябрда улантылат.

9-октябрда 14 адам тоого чыгып, дары чөптөрдү чогулткан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, сегиз адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.