ӨКМдин тик учагы менен орусиялык альпинист кыз куткарылды (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен орусиялык альпинисттин өмүрү сакталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 12-январь күнү ӨКМге туристтик компаниялардын биринен чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы «Хижина Рацека» жайында орусиялык Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганын билдирген.

Жерине ӨКМдин Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30 учуп, аба ырайынын катаал шартына карабастан, катуу шамалда «Рацека» мөңгөсүнөн ары 3800 метр бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган. Учурда абалы канааттандырарлык.