Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов кызматтан бошотулду

Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Ахметов Уран Түлөндиевич кызматынан бошотулду. Ал тууралуу буйрукка бүгүн, 12-февралда премьер-министр У.Марипов кол койгон.

Буйрукка өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон. Ал бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган болчу.