Өкмөт башчы «Головной» эч качан Тажикстанга берилберин айтты

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Тажикстанга эч качан берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу 4-майда Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган эл менен жолугушуу учурунда айтты.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, суу бөлүштүрүүчү жайга келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген. Эл менен жолугушуу учурда эмнеге мындай деп айтканынын себебин түшүндүрдү.

«Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө «Кайырма» деген канал бар. «Кайырманын» башы үч куб. Бирок 1992-жылкы Алматадагы келишим бузулуп, бизди укпай, 2016-жылы ошол үч кубду 23 кубга чейин чоңойткон. Мен ошол тууралуу айтканмын. Мен аны Баткенге күйүп айттым. Головнойго менчелик күйгөн адам болсо, келсин, жооп берем. «Головной» эч качан аларга, Тажикстанга берилбейт», — деди Марипов.

Мариповдун «Головной» тууралуу буга чейинки кеби кыргыз-тажик чегиндеги кагылышка себеп болушу мүмкүндүгү коомчулукта айтылып келе жатат.