Өкмөт башчы Улукбек Марипов: «Экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү элементи — инвесторлордун укугун коргоого алуу»

Премьер-министр Улукбек Марипов өлкөнүн бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Өкмөт башчы ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгынын корголушу жана алардын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан сакталышы үчүн бизнес-омбудсмен институтунун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын мамлекеттик коргоого алуу кепилдигин камсыздоо маселеси Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары жана экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат»,— деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр бүгүнкү күндө бизнес жана инвесторлор менен жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн баса белгилеп, жакын арада бизнес-коомчулук менен орун алган жолугушууга токтолду. Аталган жолугушууда өнөктөштүк жана өз-ара пайдалуу мамилелерди түзүү зарылдыгы белгиленген эле.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө биринчи кезектеги чаралар планы иштелип жатат, анда укук коргоо органдары менен өз-ара аракеттешүү аркылуу бизнестин коопсуздугун жана кепилдигин камсыздоо жаатында иш-чаралар өз алдынча топтом менен каралган.

Өлкөнүн Бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит өз кезегинде Өкмөттүн институт менен натыйжалуу өз-ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ишкерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоонун актуалдуу маселелерине токтолуу менен бизнес-омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Робин Орд-Смит белгилегендей, бизнес-омбудсмен институтунун негизги иши менен катар анын кесипкөй командасы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча актуалдуу сунуштарды берүү менен реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал мындан ары карай жемиштүү кызматташууга жана республикадагы ишкерликти колдоого алуу жана өнүктүрүү жаатындагы маанилүү багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүгө ишенимин билдирди.