Өкмөт: «Дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 60 пайызга камсыз болушту»

Өлкөдө 2021-жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата анын 60 пайызы бар. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта литри 42-45 сом 50 тыйын болуп жатса, түндүктө литри 39 сом 90 тыйын-40 сом 90 тыйын болууда. Өкмөттүн билдиришинче, республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 13-январда Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү Келишимине кол коюлган.

«Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмдө топтоп, май куюучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн. Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куюучу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар. Жалпысынан республикада  күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт«, — деп айтылат маалыматта.