Өкмөт: «Кырдаалга жараша кафе жана базарлардын ишин чектөө боюнча чечим өз убагында кабыл алынсын»

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна карай күчтүн жана каражаттардын даярдыгы, калкты COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү талкууланды.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында эпидемиологиялык жагымсыз абал сакталууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, иш-чаралар планын өз убагында жана толугу менен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жылдыз Бакашова ошондой эле Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаардык мэрияларга, айрыкча Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында күн сайын коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн коомдук тамактануу жайларында, базарларда, эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуучуларды аныктоо боюнча рейддерди өткөрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, аларга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча облустук жана шаардык штабдардын ишинин алкагында эпидемиологиялык кырдаалга жараша ресторандардын, кафелердин, базарлардын, мектептердин, бала бакчалардын, коомдук транспорттун ишин чектөө боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алуусу тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары калкты вакцинациялоо темпин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги республиканын ар бир облусунда жана шаарында саат 7:00дөн 23:00гө чейин иштөөчү эмдөө пункттарынын үзгүлтүксүз ишин уюштуруусу, ар бир район, шаар жана облустун чегинде жеткиликтүү жана жеткирүү пландаштырылып жаткан вакциналарды эске алуу менен республиканын калкы үчүн ар жумага жана айга бөлүштүрүлгөн вакцинациялоонун деталдуу планын иштеп чыгуусу зарыл», — деди ал.

Штабдын отурумунан соң мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.