Өкмөт: «Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин каттоого турушу керек»

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков мамлекеттик орган өкүлдөрү менен кыргыз мигранттарынын Орусиянын аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуунун жүрүшүндө орусиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Орусиянын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдаган.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, биздин жарандарды депортациялоого байланыштуу тобокелдиктерди четтетүү максатында мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Орусиядагы  элчилиги менен биргеликте комплекстүү ишти жүргүзүүсү зарыл.

«Орусия тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт, бирок мигранттар өз кезегинде расмий абалын тастыктап коюусу зарыл. Аталган багыт боюнча иш-аракеттин так алгоритмин иштеп чыгуу керек», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Артем Новиков белгилегендей, мигранттар арасында маалыматтфык-түшүндүрүү иши күчтөндүрүлүшү керек.

«Жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартуу керек. Ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экендигин жеткирүү зарыл», — деп жыйынтыктады биринчи вице-премьер-министр жана Орусиянын аймагындагы мигранттардын жүрүүсүн мыйзамдаштыруу процедурасы боюнча аракеттердин тыкыр планын иштеп чыгууну, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн темир жол аркылуу байланышын жандандандыруу, каттамдардын санын жогорулатуу боюнча  жана башка бир катар тапшырмаларды берди.

Эскертип кетсек, Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга административдик жоопкерчилик чараларынан тыш болуу максатында өзүнүн укуктук статусун жөнгө салуу талабы менен кайрылган.