Өкмөт январь айындагы пенсияга акча табылат дейт

Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия да өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, ушул жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөө суммасы 4 миллиард 156 миллион сомду түзөт. 18-декабрга карата ал сумма 95 пайызга каржыланган жана жакынкы күндөрү графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө которулат.

Келе жаткан жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылары маалымдалды.

Буга чейин парламентте Социалдык фонддун башчысынын орун басары 2021-жылдын январь айынын пенсиясын төлөө үчүн Финансы министрлигинен колдоо күтүп жатышканын билдирген эле. Буга 2020-жылдын аягында пандемияга байланыштуу социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 2 миллиард сомго кыскарышы күтүлүп жатканы негиз болгону да айтылган.