Өкмөт үйүнүн алдына 2 аял митингге чыкты

Бүгүн, 23-апрелде Өкмөт үйүнүн алдына 2 аял киши митинг өткөрүп жатат. Алар сот чечимине нааразы экенин айтышты.

«Соттордун мыйзамсыз чечиминен жабыр тарткандар акыйкаттыкты талап кылат», — деп жазылган плакаттарды көтөрүп, президент Садыр Жапаров менен биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун сүрөтүн башына тагып алышкан.

Президент Садыр Жапаров кабыл алсын деп талап кылып: «Жөнөкөй эл сизди колдогон. Эми сиз дагы бизди угуңуз», — дешти.