Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан жарандар тарашты

Бүгүн, 1-майда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдына чек ара жаңжалына байланыштуу митинг болуп өттү. Алар бийликтен курал талап кылышты.

Чогулган жарандардын алдына президенттик аппараттын өкүлү чыкты. Ал жарандарга Баткенге барууну каалоочулар болсо, Өкмөт үйүнүн алдына 4 автобус келерин, аскер комиссариатка жеткирилерин айтты. Ал жактан тизме түзүп, бир чечимге келели деген сунушту айтты.

Кийинчерээк митингчилер Өкмөт үйүн бастырып кирүүгө аракет кылышты. Бирок өзүн элдик кошуундун мүчөсүбүз дегендер мындай кадамдарга жол беришкен жок.