Өкмөт үйүнүн алдында митинг. Чогулгандар коррупция менен күрөшүүнү талап кылышууда

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат.

20га жакын адам бийликтен мамлекеттик жерлерди жана коррупционерлер саткан пансионаттарды кайтарып берүүнү талап кылышууда. Алар: «Мамлекет эл үчүн!», «Коррупционерлер кетсин!» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. 

Митингчилер коррупционерлерден алынган батирлерди балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жана башка муктаж адамдарга берүүнү талап кылышууда.