Өкмөттө салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу тутуму талкууланды

Премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Негизги милдеттердин бири – бул салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу тутумун толук кандуу ишке киргизүү, ал ар кандай каршылыктарга карабастан өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы керек.  Бул бизге коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканын деңгээлин кескин кыскартып, мамлекеттин кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Кабыл алынып жаткан чаралар жеке бизнести колдоо, мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүнүн ыңгайлуу жана жеңилдетилген механизмдерин түзүү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана сергек атаандаштыкты түзүү сыяктуу критерийлерге жооп бериши керек»,- деди ал.

Кеңешменини жүрүшүндө 2021-жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча «Жол картасы» каралды жана тийиштүү сунуштар жана толуктоолор берилди.

Премьер-министр Улукбек Марипов киргизилип жаткан товарларды тыкыр эсепке алууну камсыздоо, салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнүн бардык процедураларын санариптештирүү үчүн иштерди ыкчамдатуу, ошондой эле фискалдык органдарда заманбап аналитикалык тутумдарды түзүү жаатында ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-апрелине карата «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервисине 273 277салык төлөөчү кошулган, анын 41 4641и – юридикалык жактар, 231 816и – физикалык жактар.

Тактап айтканда, товарларды импорттоо жана/же экспорттону ишке ашыруучу бардык КНС-төлөөчүлөр жана субъектилер 2020-жылдын 1-июлунан тарта электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өттү. Тутумду ишке киргизүүдөн тарта 2021-жылдын 1-апрелине карата электрондук эсеп-фактуралар менен 13 342 ишкер пайдаланууда, аларга жалпы жүгүртүү суммасы 608 миллиар 219 миллион 825 миң сомдук 4 796 513 электрондук эсеп-фактура берилген.

Тутумдун 2021-жылдын алгачкы үч айлык (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу) ишинин жыйынтыгы боюнча, КНС боюнча чогултуулар гана 131,6 % жогорулап, 2 миллиард сомдон ашуун сумманы түзгөн.