Социалдык тармактарга тоодон аюу түшүп, малга жакын келген видеосу тарады.
Видеодон аюу бодо малдар камалган коргонго келип, айланып жүргөнүн жана адамдар аны коркутууга аракет кылып, ок чыгарганын угууга болот. «Октон да коркпойт, малдар коркуп качып жатат, аюу коркпой турат» дейт видеого тарткан адам.
Аюунун видеосу Алай районунда тартылганы айтылууда.