Октябрь айында кызыл зонада иштеген дарыгерлерге 44,3 миллион сом төлөндү

????????????????????????????????????

Октябрь айында кызыл зонада иштеген дарыгерлерге 44 миллион 396 миң 84 сом төлөндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, саламаттыкты сактоо уюмдарынын 3931 кызматкерине компенсация төлөнгөн. Алардын 825и дарыгер, 1599у медайым, 535и санитар жана 972си COVID-19га каршы күрөшкө катышкан башка кызматкерлер.