«Сооронбай Жээнбеков жоопко тартылсын». 5-октябрда жаракат алгандар Башкы прокуратурага кайрылышты

Бүгүн, 27-январда 5-октябрда Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтындагы нааразычылык акциясын таркатуу учурунда жапа чеккен жарандар бул окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алар бул окуяга мурунку мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду күнөөлүү деп эсептешет.

Алардын айтымында, Жээнбеков күч органдарына берген буйругу үчүн жоопко тартылышы керек.

Өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн алар “Октябрь революциясынын баатырлары Кыргыз үмүтү”коомдук бирикмесин түзүшкөн.

Жабыркаган жарандардын укуктарын коргоого укуктук колдоо көрсөтүү Кыргызстандын жактоочулар ассоциациясы тарабынан жүзөгө ашырылат.