Октябрь окуясында көзүнөн жаракат алган жаран каралбай калдыбы? Президенттин маалымат катчысы жооп берди

Социалдык тармактагы «2020-жылдагы октябрь окуясында көзүнөн жаракат алган жаран каралбай калды» деген маанидеги маалыматтар боюнча президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов пост жазды.

«Дамир аттуу жаран президент Садыр Жапаровдун атына видео кайрылуу жасап, көзүнө операция жасатып берүү өтүнүчүн, ошондой эле буга чейин биринчи айым Айгүл Жапаровага да кайрылып, эч кандай майнап болбогонун айткан. Чындыгында аталган жаранга октябрь окуясында жабыркаган башка жарандар менен бирге эле операция жасатып, көз салып берүү сунушталган. Бирок ал белгисиз себептерден улам ага макул болгон эмес жана келбей койгон. Көз салып берүү операциясын жүргүзүү үчүн талап кылган тийиштүү процедуралардан өтүү зарылдыгын да четке каккан. Так ушундай эле абалга кабылган 35 балага операция жасатылып, жасалма көз салынган. Эгерде кайрылуу жасаган жаран көз салдыруу операциясына макул болгон болуп, келсе, азыр деле аны ишке ашыруу кеч эмес. Болгону, убагында анын саламаттыгына кам көрүү сунуштарынан караманча баш тартып келип, эми коомчулукка ачык кайрылуу жасап жатканы биз үчүн таң калычтуу жана түшүнүксүз болууда», — дешти.