Октябрь районунун акими кызматынан бошотулду

Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акими Константин Куценко ээлеген кызматынан бошотулду. Бүгүн ал коррупцияга шектелип кармалганы маалым болгон эле.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы соттун чечими менен конфискация боло турган жер тилкесинин ээсин өзгөртүү боюнча коррупциялык схеманы аныктаган. Куценко дал ушул иштин алкагында кармалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка да жогорку кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Жогорудагы окуя боюнча Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Константин Куценкону текшербей кызматка алганы үчүн кечирим сурады.