Октябрда коронавирус оорусу эң көп Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө катталган

Республикада коронавирус инфекциясынан жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында коронавирус инфекциясынын катталган лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурларынын саны 2020-жылдын октябрындагы 13 миң учурдан ушул жылдын октябрь айында 2,9 миң учурга чейин азайды.

Ушул жылдын октябрь айында коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашыгы), Чүй (26 пайыз) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келди.