Октябрдагы митингдерден улам Кытай өз ишканаларынын кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурат

Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвень октябрь айындагы митингдерден улам Кытай өз ишкерлеринин жана ишканаларынын кызыкчылыктарына жана укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурат деди.

Кечээ, 24-ноябрда элчи айым эки министрликтин башчысы менен жолугушуу өткөрдү.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөдөгү абал турукташканын жана кытайлык ишкерлердин коопсуздугуна жана алардын иштөөсүнө шарт түзүлүп, инвестициялык климатты жакшыртуу саясаты жүргүзүлөт деди.
Элчи Ду Дэвень айым жетектеген кытайлык өкүлдөр Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен болгон жолугушуусунда да бир катар маселелер талкууга алынган.
Кытай жана Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда эки чоң маселе турат. Биринчиден, чек арадан жүктү алып өтүүгө, экинчиден, коңшу өлкөдөн алынган карызды төлөө боюнча жеңилдик алууга байланыштуу кыйынчылыктар чечиле элек.