Окуу акысын төмөндөтүү талабы менен студенттер митингге чыгышты

Бүгүн, 15-февралда Билим берүү министрлигинин алдына окуу акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү талап кылган студенттер митингге чыгышты.

“Биздин укуктарыбыз бузулуп жатат. Университеттер менен келишимди күндүзгү окууга түзгөнбүз. Пандемия башталгандан бери бир жыл бою үйдө онлайн окудук. Интернет, коммуналдык кызматтардын акысын өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Университеттин электр энергиясын, жылуулугун жана башка чыгымдарын кетирген жокпуз. Буга чейин биз билим берүү министри, ректорлор менен биргеликте жыйын өткөргөнбүз. Жыйынтыгында бизге жардам берилет деген, бирок жооп дагы деле жок. Бизге көңүл бурулсун деген максатта ушундай митинг уюштурдук”,— деди студенттердин бири.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров студенттерди кабыл алып, пандемия убагында финансылык жеңилдик 68 университетке 117 миллион сом колдоо болгондугун билдирди.

Андан сырткары контрактын баасын 50 пайызга чейин кыскартып берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова экономика министрлигине контрактын баасын төмөндөтүү маселеси боюнча билдирүү жиберилгендигин, билим берүү министрлиги бул маселени өз алдынча чече албарын билдирди.