Жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Жаңы окуу жылы салтка айлангандай 1-сентябрдан башталат. Маалыматты Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тастыктады.

2021-жылдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу окуу жылы 15-сентябрдан башталган. Ага байланыштуу окуу кеч аяктап, коомчулукта көп нааразычылыкты пайда кылган.