Окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда бүтөт. Дагы кандай өзгөрүүлөр болот?

Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрдан баштап реалдуу режимде башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектептерде билим берүү шарттары мындай болот:

1-чейрек — 15-сентябрдан 5-ноябрга чейин, 38 окуу күнү. Каникул — 2021-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин.

2 -чейрек — 15-ноябрдан 31-декабрга чейин, 35 окуу күнү. Каникул — 2022-жылдын 1-январынан 10-январына чейин.

3 -чейрек -11-январдан 18-мартка чейин 47 окуу күнү. Каникул — 2022-жылдын 21-мартынан 27-мартына чейин.

4 -чейрек — 28-марттан 8-июнга чейин 50 окуу күнү.

Акыркы коңгуроо 9-июнда болот. 10-июндан 1-июлга чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамендер өткөрүлөт.