Окуу жылы 25-майда аяктайт

Кыргызстанда 2020-2021-окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2-июндан 12-июнга чейин 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүшөт.

Быйыл 58 миң 287 окуучу мектепти аяктайт.