Пандемия башталгандан бери өлкөдө 3896 балага коронавирус жуккан

2020-жылдын март айында Кыргызстанда коронавирус оорусу биринчи катталгандан бери өлкөдө 3 896 балага вирус жукту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын 2464 учуру мектеп окуучуларынан, 1432си мектепке чейинки жаштагылардан аныкталган. Окуу процесси кадыресе башталгандан тартып, 2020-жылдын ноябрь айында 320 мектеп окуучусуна оору жуккан.

Декабрда ооругандардын саны 1,5 эсе кыскарып, 214 учур катталган. Январда 109 балага коронавирустун ПЦР тести аркылуу тастыкталган диагнозу коюлду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус оорусунан өлүмгө учураган балдар жок экенин билдирүүдө.