Окуучу көтөрүп жүргөн рюкзактын салмагы канча болушу керек?

Ден соолукту чыңдоо борбору бала көтөргөн рюкзактын көлөмү, сапаты анын ден соолугуна таасир берерин билдирди. Эгер бул эрежелер сакталбаса бала бүкүр болуп калышы мүмкүн.

Окуучулардын жашына жараша мектепке алып баруучу окуу курал, китептеринин жалпы салмагы ар түрдүү: 1-2-класстар үчүн – 1,5 килограммдан ашык эмес; 3-4-класстар үчүн – 2 килограммга чейин; 5-6-класстар үчүн – 2,5 килограммдан ашпаган салмак; 7–8-класстар үчүн – 3,5 килограмм; 9-11-класстар үчүн – 4 килограмм. Ал эми рюкзактын өзүнүн салмагы 700 граммдан ашпаганы оң. Саптары жоон, 4-4,5 сантиметр болгон рюкзакты тандаган туура. Анын кездемеси жеңил, сапаттуу, суу өткөрбөй турган жана тазалаганга ыңгайлуу болушу керек.