Окуучуларды 11-классты аяктаганга дейре билим алууга милдеттүү кылуу керек. Бул тууралуу конституциялык кеңешменин жыйынында экс-депутат, билим берүү жана илимдин экс-министри Каныбек Осмоналиев билдирди.
“Бүгүнкү күндө окуучулардын көбү 9-классты аяктагандан кийин окубай коюп жатышат. Мектепте толук аягына чейин билим алуусун милдеттүү кылуу зарыл. Баш мыйзамга киргизип койсок, мамлекет жана ата-энелер балдарды орто билим менен камсыздоосу тууралуу милдеттенмеси болуп калат. Бул жагдай жаштардын дүйнө таанымы түзүлүшүндө өтө маанилүү, 11-классты бүткөн окуучунун жеке көз карашы калыптанган болот”, — деди Осмоналиев.
Өлкөдө окуучулар үчүн 9-классты аяктаганга дейре билим алуу милдеттүү болуп саналат, андан кийин мектептен кетүүгө уруксат берилет.